БУТУ МЕНЕН БАСЫП, МУРДУ МЕНЕН ТЫҢГАНДАР
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Адам аттуулардын баары, бири калбай, бүт бардыгы. Кыштак элинин буту менен басып, мурду менен тыңгандары толук келишти («Чалкан»). Буту менен басып, мурду менен тыңгандын баары мылтык атып, жаа тартып, ак маралдын артынан сая кубат (Айтматов). Жайдын толугунда буту менен басып, мурду менен тынган кыргыз дабанды ашып... төр жайлоого көчүшөт (Бейшеналиев).